Жогорку билими жок адамдар эми аймактык шайлоо комиссиясына мүчө боло алышы мүмкүн

ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети бүгүн, 14-январда жогорку билими жок адамдардын аймактык шайлоо комиссиясына мүчө болушуна жол берген мыйзам долбоору колдоо тапты.

Мыйзам долбоорун депутат Өмүрбек Текебаев сунуштоодо. Анын айтымында, шайлоо комиссиясына мүчөлүккө айылдардан дайыма эле жогорку билимдүү адамдарды табуу кыйын. Ошол эле учурда жогорку билими жок, бирок иш билги адамдар бар.

Башка депутаттар аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жогорку билимдүү болушу керектигин билдиришти. Мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан