Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп Советбек Арбаев дайындалды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп Советбек Арбаев дайындалды. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон.

Советбек Арбаев 1957-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөлүү, үч кыздын атасы. Ал буга чейин ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы болчу. 

Эске сала кетсек, 2013-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан