Социалдык өнүктүрүү министрлиги майыптыкты аныктоодо коррупцияга жол бербөө чараларын көрүүдө

КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги медико-социалдык экспертизаларды жүргүзүүдө коррупцияга жол бербөө үчүн чараларды көрүүдө. 
Мекеменин басма сөз кызматынын 14-январдагы берген маалыматына ылайык, реформалоонун жүрүшүндө майыптыкты аныктоодо жетекчилердин жумуш ордунан которуу, кызматкерлерди аттестациялоо жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчиликти мойнуна алуу жагы каралган. 
Медико-социалдык экспертиза борборунун директору Сагыналы Саматовдун айтымында, жаңы киргизилип жаткан системде арыздар боюнча көз карандысыз комиссия түзүү каралган. 
“Азыркы күндө Кыргызстанда 27 медико-социалдык эксперттик комиссия иш алып барат. Реформа жасоого толук мүмкүнчүлүк бар. Албетте, кесиптик даярдыктан өтүү да талапка ылайык”,- деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан