Бишкектин Ала-Тоо аянтына Манастын жаңы эстелиги орнотулууда. Анын эскиздерин ASR-студиясы социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.
⠀
"Бул иште таланттуу скульптор Тамила Маматова менен биргеликте иштеп, архитектуралык чечимдерден баштап шаардык чөйрөгө жарашыктуу келүүсүнө чейин болгон салымыбызды кошконубузга сыймыктанабыз",- деп жазылат анда.
Эске салсак, Ала-Тоо аянтында жайгашкан "Айкөл Манас" монументин реконструкциялоо иштери ушул жылдын январь айында башталган.
⠀