Бишкек шаардык кеңешиндеги “Ата Мекен” жана “Замандаш-Современник” фракциялары борбор шаардын мэрлигине Кубанычбек Кулматовдун талапкер болуп чыгышын колдоду. Муну шаардык кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Эскерте кетсек, Бишкек шаарына Кулматов жалгыз талапкер болуп чыкты. Шайлоо 15-январда өтөт.