Бүгүн, 14-январда бажы кызматын
реформалоо жана моденизациялоону ишке ашыруу боюнча байкоочу кеңештин
отурумунда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев
“Мамлекеттик бажы
кызматы 2013-жылы 36,9 миллиард сом чогултту. Биздин максат – кадамдарды
аныктап, келечекке план түзүү” деп билдирди.
Аталган мекеме 2010-жылы 15
миллиард 886 миллион сом, 2011-жылы – 23 миллиард 922 миллион сом (49 пайызга
көп), 2012-жылы – 30 миллиард сом (27 пайызга өсүү) чогулткан.
“2010-2013-жылдары
15,5 миллиард сом менен баштаганбыз. Азыр бул көрсөткүч 37 миллиард сомго
жетти. 3 жыл аралыгындагы өсүш 230 пайызга барабар жана 2 эсеге көп. Бул ресурс
бюджетке которулду”,- деди ал.