УКМК муфтийге байланыштуу порнотасмага тиешеси жоктугун кабарлады

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети экс-муфтий Рахматулла Эгембердиевге байланыштуу порнотасмага тиешеси жоктугунун бүгүн, 14-январда кабарлады.

 

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова видеого УКМК байланышы бар деп шекшиген. Буга аталган мекеменин басма сөз кызматы расмий түрдө жооп берди.

“Мамлекеттик коопсуздук органдары ишин жүргүзүү учурунда КРнын мыйзамын так тутушат. УКМК Жогорку Кеңештин депутатынын негизсиз айтуусу боюнча маалымдайт. Эгер атайын кызматтар тарабынан укук бузуу фактыларына ээ болсоңуздар, прокуратуранын органдарына кайрылууну сунуш кылат” деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан