Министр Чечейбаев ооруканада дарыгерге кол салган адамдын окуясы боюнча үн катты

Буга чейин социалдык тармакта ооруканада дарыгерге кол салган адамдын видеосу тараган эле. Анда Улуттук госпиталдын дарыгерине кол көтөргөн адам укук коргоо органынын кызматкери экени айтылган.

Бул арада саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев окуя боюнча билдирүү жасап, дарыгерге кол салган адамды мыйзам чегинде жоопко тартууну талап кылган.

"Дарыгерге кол салган бул адам жазасын алыш керек. Бул эмитен эле башкаларга өтө жаман үлгү болуп, дарыгерлерди сабаган адамдар жазасыз калып жатышат. Эгерде биз ар-намысты жана абийирди коргобосок, эң негизгиси медицина кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылбасак, анда медиктерди жоготобуз.
Мен ички иштер министрине (ред.: Улан Ниязбеков), УКМКнын төрагасына (ред.: Камчыбек Ташиев) кайрылам. Дарыгерге кол салган күнөөлүү адамды мыйзам чегинде жоопко тартуу зарыл",- дейт министр.
Айтымында, эми бейтапты коштоп жүргөндөргө, саламаттыкты сактоо мекемелеринин медициналык бөлүмдөрүнө кирүүгө тыюу салынат.
"Алар бейтапты алып келишип, дарыгерлерге өткөрүп беришти. Көчөдө отуруп жыйынтыкты күтүшөт. Оорукананын ичине киришпейт",- деп жазды ал.
17.07.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан