Баткен. Кадамжай районунда прокуратуранын жаңы имараты ачылды

Баткен облусунун Кадамжай районунда 13-январь күнү прокуратуранын жаңы имраты ачылды. 
КРнын Башкы прокуратурасынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Кадамжайдагы прокуратурага эмерек жана техникалык жабдыктарды алуу үчүн 243 миң сомдук сертификат берилген. 
Прокуратуранын ачылыш аземине башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Ош шаарынын прокурорлору, ЖКнын депутаттары Мурадыл Мадеминов менен Чолпон Султанбекова, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана  укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты. 
1986-жылы курулган прокуратуранын имараты 2011-жылдагы жер титирөөдөн кийин уроо абалында болуп калган эле.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан