Ош шаарында мэриянын ипотекалык программасынын алкагында курулган 9 кабаттуу 96 батирлүү турак жайды салтанаттуу тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу калаа бийлиги кабарлап, жеринен тартылган видеону жарыялады.
Андан салтанаттуу иш-чарага барган калаа башчысы Жеңишбек Токторбаевди белгилүү актриса Назира Мамбетова мактаганын көрүүгө болот.
"Жигиттин гүлү, кандайсың? Сизди телевизордон көрүп алып, ушундай ашыкмын. Ушундай суктанам, күлүк жигит деп. Күлүксүз",- деп тамаша иретинде мактоо сөздөрүн айткан.
Кыргыз Эл артиси Назира Мамбетова коомчулукка айрыкча "Курманжан Датка" тасмасындагы Курманжандын ролу менен белгилүү.