Ош шаарында мэриянын ипотекалык программасынын алкагында курулган 96 батирлүү көп кабаттуу турак жай пайдаланууга берилди.
Аталган турак жайдан Орусиянын Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайын бүтүргөн 22 жаш актёрго май айында убадаланган батирлери тапшырылды.
Иш-чарада Ошто актёрлорго үй берүү 50 жылдан кийин кайталанып жатканы айтылды. Анын алкагында Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайды бүтүргөн жаш актёрлордун аткаруусунда "50 жыл мурун болгон окуя" театралдык сахналык көрүнүшү тартууланды.