Бактыбек Калмаматов, депутат: “Өнүккөн өлкөлөрдө мыйзамдардын 90 пайызын өкмөт жазып парламентке сунуштайт, бизде тескерисинче”

Өнүккөн өлкөлөрдө мыйзамдардын 80-90 пайызын өкмөт жазып парламентке сунуштайт. Ал эми Кыргызстанда мыйзамдардын 90 пайызын Жогорку Кеңеш жазат. Муну бүгүн, 14-январда ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин жыйынында депутат Бактыбек Калмаматов айтты. Депутат жарандардын коопсуздугу боюнча өкмөт толук кандуу иш жүргүзө албай жатат деген ойдо. “Шаарлардагы коомдук мекемелерди видеобайкоо орнотууга милдеттендире турган мыйзамды колдоо зарыл. Бул кылмыштуулук менен күрөшүүгө салым кошо турган демилге”,- деди депутат.

Айта кетсек, бүгүн аталган комитетте Бишкек жана Ош шаарындагы коомдук мекемелерди видеобайкоо орнотууга милдеттендире турган мыйзам долбоору 1-окууда колдоо тапты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан