ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 14-январдагы жыйынында Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талант Исаев айдоочулук күбөлүк берүү иши катуу көзөмөлгө алынарын айтты. ИИМдин ички буйругу менен эми өз алдынча үйрөнчүктөргө айдоочулук күбөлүк берүү токтотулат. Исаев билдиргендей, тийиштүү мыйзамды депутат Дастан Бекешев иштеп чыккан. Учурда ал мыйзам талкууда.