Жогорку Сот депутат Ахматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын карайт. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка караганда, 16-январда камактагы депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызы каралат.
Эскерте кетсек, Ахматбек Келдибеков коррупция боюнча айыпталып, 2013-жылдын 20-ноябрында камакка алынган. Аны 22-ноябрь күнү Октябрь райондук соту 2 айга УКМКнын абагына камоо тууралуу чечимин чыгарган. Бирок депутаттын тарапташтары Октябрь райондук соту чыгарган чечимди жокко чыгаруу максатында Бишкек шаардык сотуна кайрылуу жасашкан. Алар Ахматбек Келдибековду УКМКнын абагынан чыгарып, үй камагына алуусун өтүнүшкөн. Бишкек шаардык соту Ахматбек Келдибековдун ишин карап чыгып, анын баш коргоо чарасын өзгөртпөө тууралуу чечимин кабыл алган. Өкүмгө ылайык Ахматбек Келдибеков 2014-жылдын 19-январына чейин УКМКнын СИЗОсунда отурат.