Биз социалдык тармакта

Коопсуздук үчүн Бишкекке 4000 видеокамера орнотулушу мүмкүн

Депутат Өмүрбек Текебаев сунуштаган мыйзам долбоору кабыл алынып калса Бишкек шаарындагы коомдук мекемелерге 4000 видеокамера орнотулушу мүмкүн. Демилгечинин айтымында, камералар коюлса шаардагы кылмыштуулук 2 эсе азаят. 
"Буга болжол менен 4 миллион сомдой каражат кетет. Коопсуздук үчүн өкмөткө бул көп деле акча эмес. Каражатка жараша камера орнотулуучу жайларды шаардык кеңеш өзү аныктайт. Балким этап менен ишке ашырат",- деди Текебаев. Комитет жыйынында маселе боюнча суроолор көп болду. 
Айрым депутаттар видеокамера менен кошо аудиожазуучу жабдууну орнотуу сунушун да айтышты. Буга демилгечи "Анда бири-бирибиз менен көчөдө сүйлөшө албай калабыз го. Кафеге кирсек унчукпай отуруп тамак ичип, унчукпаган бойдон чыгып кетүүгө туура келет",- деп депутаттарды жылмайтты. 
Мыйзам долбоору биринчи окууда Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинен колдоо тапты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан