Адамкул Жунусов: "Мамлекеттик бажы кызматынын резервдик кадрларды түзүүнүн натыйжалуулугун арттырууга байланыштуу жоболор иштелип чыкты"

Бүгүн, 14-январда Бажы кызматын реформалоо жана моденизациялоону ишке ашыруу боюнча байкоочу кеңештин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Бажы кызматынын түзүмүндө сапаттык жакшыруу байкалганын белгилеп өттү. 
“Республиканын бул тармагы мындан ары да ушул темпте жакшыруусун каалайбыз. Кызматтын ишинин жыйынтыктары кубандырат”,- деди ал. 
Өз кезегинде КРнын Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов 2011-2013-жылдарга КРнын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясынын алкагында бул мезгилде жалпысынан КРнын 8 мыйзамы, КР Өкмөтүнүн 18 токтому, 50дөн ашык ведомстволук актылар иштелип чыгып, кабыл алынганын билдирди.
Ошондой эле аталган кызматтын борбордук аппаратында жана бажы органдарында реформа жүргүзүлгөнүн кошумчалады. 
“Аны менен бирге кесиптик даярдык жана билимди жогорулатуунун, аттестация өткөрүү жана өздүк курамды которуштуруунун, резервдик кадрларды түзүүнүн натыйжалуулугун арттырууга байланыштуу жоболор иштелип, бекитилди”,- деди Адамкул Жунусов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан