1-марттан баштап укук коргоо органдарында айлык көтөрүлөт

1-марттан тарта укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлеринин айрым категорияларынын айлыктары 37 пайызга жогорулайт. Тиешелүү токтомго 14-январда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.“2013-жылы укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маянасын жогорулатуунун үстүндө иштедик. Бул биринчи гана кадам. Саясий туруктуулуктун болушу бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысынын туруктуу жогорулашына алып келет”,- дейт Сатыбалдиев. 2014-жылдын 1-мартынан баштап төмөнкү органдардагы кызматкерлердин маянасы жана пенсиялары көбөйөт:

– Ички иштер министрлигинин;

– Ички иштер министрлигинин Академиясынын;

– Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын;

– Өкмөткө караштуу Баңги заттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын;

– Мамлекеттик фельдъегер кызматынын;

– Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкерлеринин;

– Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин;

– Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүүчү мекемелерди кайтаруу жана соттолгон жана камакка алынган адамдарды коштоп жүрүү боюнча департаментинин аскер кызматкерлеринин.

Бул чечим 2014-жылдын 1-мартынан баштап күчүнө кирет.

Айлыктарды көтөрүүгө бюджеттен 1,6 миллиард сом бөлүнөт.

Мындан тышкары премьер-министр укук коргоо органдарынын, Куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн эркин жалданган жана жарандык персоналдарынын эмгек акысын 100 пайызга көбөйтүү тууралуу токтомго кол койду. Бул чечим 2014-жылдын 1-июлунан баштап күчүнө кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан