Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгынын алдында 14-январда Бажы кызматын реформалоо жана жаңылоо багытында мерчемдердин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча Байкоочу кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында Байкоочу кеңештин мүчөлөрү КРнын Бажы кызматынын 2011-2013-жылдардагы өнүгүү стратегиясынын мерчеминин аткарылышы боюнча баяндаманы угушту.
Жоомарт Оторбаев бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясынын башкы максаты – аталган мекемени реформалоо жана жаңылоо, ошондой эле бажы саясатын өнүктүрүү экенин белгилеп өттү.
"Үстүбүздөгү жылы бажы төлөмдөрүн жыйноо 42 миллиард 100 миллион сомго мерчемделүүдө. Анын аткарылышы экономиканын өнүгүшү жана бул багыттагы улуттук долбоорлордун ишке ашышына байланыштуу",- деди ал.
Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын өнүгүү стратегиясынын мерчеминин аткарылышы канааттандырарлык деп табылды. Ошондой эле мекемеге 2013-2017-жылдардагы пландалган иш-чараларынын аткарылбай калган бөлүмдөрүн карап чыгуу тапшырмасы берилди.