Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 68 жашка толду

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 24-июлда 68 жашка чыкты. Ал 1957-жылы 24-июлда Өзбекстандын Жизак облусунун Заамин районунда туулган.

Болочок президент Ташкенттеги ирригация жана мелиорация институтунда окуган. Шавкат Мирзиёев саясатка алгачкы кадамын 1990-жылы баштаган. Ал райондун акимдик кызматынан баштап премьер-министрлик кызматка чейин жеткен.

2016-жылы Шавкат Мирзиёев көпчүлүк добуш менен өлкөнүн президенти болуп шайланган. 2023-жылы ал кайрадан жаңы мөөнөткө президент болуп шайланып, 14-июлда анын инагурациясы болуп өттү.

Шавкат Мирзиёевдин жеке жашоосу тууралуу маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында өтө сейрек кездешет. Жубайы Зироатхон Хошимова менен институтта иштеп жүргөндө таанышкан. Учурда алардын Саида жана Шахноза аттуу кыздары, Миралишер аттуу уулу бар.

24-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан