Бүгүн Кыргызстандын Ош жана Бишкек шаарларында мэр шайлоо өтөт

Шаардык депутаттар кезексиз жыйынга чогулушуп, күн тартибине шаар башчыны шайлоону киргизишет. Бул мандатка КСДП фракциясынан Кубанычбек Кулматов көрсөтүлгөн. 
Шайлоону таза өткөрүү максатында шаардык кеңештин расмий сайты шайлоо процессин интернет аркылуу түз алып берип турат. 
Талапкер шаардык кеңеште 45 депутаттын 23 добушун алышы керек. Тийиштүү добушка жетише албаса кайрадан мэр шайлоо өткөрүлөт. 
Шаардын мурдагы мэри Иса Өмүркулов өзүнө карата кылмыш иши козголгондон кийин өз эрки менен кызматтан кеткен. 
Ош шаарында бул кызматка мурдагы мэр Мелис Мырзакматов жана шаардык кеңеш көрсөткөн талапкер Айтмамат Кадырбаев ат салышууда. 
Ош шаардык кеңеште 45 депутаттын 8и өзбек улутундагылар. Шайлоого жакын өзбек улутундагы депутаттардын сүрөттөрүн белгисиз адамдар шаар көчөлөрүнө илип кетишкен эле.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан