Бүгүн, 15-январда Ысык-Көл облусунун Саруу айылында чоң жыйын өтөт. Анда “Кумтөр” боюнча бир катар маселелер каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына демилгечилердин бири Абай Узаков билдирди. Маалыматка караганда, жыйындын уюштуруучулары өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев, оппозиция лидерлери, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, башкы прокурор Аида Салянова, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевге жана 5 фракциянын лидерлерине чакыруу жолдошкон. Алардын жыйынга катышары белгисиз.