Ош. Шаардын борбордук аянтына эл чогула баштады

Бүгүн, 15-январь - Ош жана Бишкек шаарларынын мэрлерин шайлоо күнү. Ош шаарынын мэрин шайлоо саат 09:30да башталары айтылган. Бирок учурда борбордук аянтка 100дөн ашуун карапайым эл топтолуп калды. Мэриянын астында коопсуздук үчүн милиция кызматкерлери да турат.
Эске салсак, мэрликке мурдагы шаар башчы Мелис Мырзакматов менен Айтмамат Кадырбаев ат салышууда. Мырзакматовдун талапкерлигин “Улуттар биримдиги” жана Айтмамат Кадырбаев шаардык кеңештеги КСДП, “Ата Мекен”, “Республика”, “Замандаш” жана “Адилеттүү Кыргызстан” фракциялары түзгөн көпчүлүк коалиция тарабынан сунушталган.
Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Алардын ичинен 30 депутат катышса, шайлоо өттү деп эсептелет. 23 добуш алган талапкер мэр болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан