Бүгүн, 15-январда Чүйдүн айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүкэлектрдин” басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Гроздь айылында, Сокулук районунун Биринчи Май айылы, Кара-Балта шаары, Жайыл районунун Моңолдор айылы жана Панфилов районунун борбордук бөлүгүңдөгү электр чубалгыларынын оңдоо иштерине байланыштуу саат 09:00дөн 17:00гө чейин жарык өчөт.