Мэр тандалбайт, мэр шайланат. Бул туурасында укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров билдирди.
Анын айтымында, бүгүн мэриянын алдында чакан акция өткөрөт. Анда ал Бишкек шаарынын мэрин шайлоого каршы пикирин билдирет.
“Кулматовдун шайлоого жалгыз барганы туура эмес. Мен анын ордунда болсом, баш тартмакмын. “Атаандашым жок болсо шайлоого барууга укугум жок” деп. Шаардык кеңештин депутаттары жогорку жактын буйругун аткарып жатышат”,- деди укук коргоочу.