Улукбек Кочкоров: “Баткендеги абалды бийликке 3 жылдан бери түшүндүрө албай койдум. Автомат кармап алып эле чек арада туруш керек болуп калды”

“Баткенде абал оор. Тургундар кечинде жатып, эртең менен аман-эсен турганына сүйүнүүдө. Бир аптадан бери Коргоо кеңеши кыңк эте элек. Бийлик кырдаалды качан түшүнөт?!”- деди ЖКнын 15-январдагы жыйынында депутат Улукбек Кочкоров. Айтымында, айыл тургундарынын бийликке нааразычылыгы күч.

“Баткендеги кырдаалды бийликке 3 жылдан бери айтып түшүндүрө албай койдум. Элестетип көргүлө, Бишкекте резиденциянын үстүндөгү тоодо резиденцияны каратып бирөөлөр 6 пушка коюп мээлеп турса кантип тынч жатасыңар? Баткендеги абал азыр ушундай эле. Айылдагылар окуя чыккан сайын бала-чакасын башка айылга ташый берип тажады. Эмне деген кайдыгерлик? Тажиктер айылыбызга кирип келип көчүгүбүзгө тээп сүйрөп кетип жатса, эми пушка менен аткылап жатса эмнеге бийлик үн катпайт? Автомат кармап эле чек арада туруш керек болуп калды”,- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан