Ош шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында шаар мэрин шайлоо процедурасы башталды. Анда Рысбек Нурдинов депутаттарга шайлоонун жүрүшү, добуш берүүнүн эрежелери тууралуу маалымат берди.
Депутаттар талапкерлердин платформаларын угуу боюнча сунушту талкуулап жатышат. «Улуттар биримдиги» фракциясынын депутаттары ар бир талапкердин платформасын угалы деген сунуш киргизишти.
Бир топ талаш-тартыштан кийин добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 23 депутат көпчүлүк коалиция өкүлүнүн сунушун колдоп, жыйынтыгында депутаттар талапкерлердин платформаларын укпай турган чечим кабыл алышты. Учурда добуш берүү үчүн депутаттар каттоодон өтүшүүдө.
Эске салсак, мэрликке мурдагы шаар башчы Мелис Мырзакматов менен Айтмамат Кадырбаев ат салышууда. Мырзакматовдун талапкерлигин “Улуттар биримдиги” жана Айтмамат Кадырбаев шаардык кеңештеги КСДП, “Ата Мекен”, “Республика”, “Замандаш” жана “Адилеттүү Кыргызстан” фракциялары түзгөн көпчүлүк коалиция тарабынан сунушталган.
Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Алардын ичинен 30 депутат катышса, шайлоо өттү деп эсептелет. 23 добуш алган талапкер мэр болот.