Ак-Сайда абал туруктуу. Бул туурасында аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Абдипатта Бердиев билдирди.
Анын айтымында, “айылдын тургундары чыгып кетип жатат” деген маалымат туура эмес. Бардыгы өз үйлөрүндө. Кээ бирлери гана жаш балдарын башка айылдарга жиберип жатышат.
“Азырынча мектептерде окуу баштала элек. Учурда кышкы каникулду узартуу маселеси каралып жатат”,- деди айыл башчысы.