Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Элвира Сариева шаардын маданияты тууралуу суроо берди. Буга талапкер «Миграция кесепетинен Бишкекте эки маданияттын кагылышын байкап турабыз. Ишке орноштуруу көйгөйү буга байланыштуу. Бүт болгон күчүбүздү маданиятты өнүктүрүүгө салабыз» деп жооп берди.
Депутаттын «Биринчи жумуш күнү эмне иш кыласыз?» деген суроосуна Кулматов жооп таба албай койду.
«Ош» жана «Кудайберген» базарынын тегерегин тазалоо тууралуу суроого Бишкек мэрлигине талапкер Кубанычбек Кулматов аталган базарларды тазалоого даярдыгын билдирди.