“Баткендеги кыргыз-тажик чек ара чатагында кайсы жетекчи кайда жүргөнүнө бүгүнкү жабык эшик артында өтчү жыйынга келип жооп берсин”,- деди депутат Мыктыбек Абдылдаев ЖКнын 15-январдагы жыйынында. Айтымында, Баткендеги абалга мамлекеттен кескин чаралар көрүлбөй жатат.
“Тагдыр экен, былтыр 16-январда ушундай маселени парламентте караганбыз. Ошондо “бул маселе кайра кайталанат” деп айткам. Колдон келбей жатат. Жетекчилер жооп беришсин. Чатак учурунда кимиси Баткенде жүрдү, кимиси тойдо жүрдү, кимиси лыжа базасында жүрдү?”- деди Абдылдаев.
Эскерте кетсек, Баткендеги кырдаал бүгүн парламентте саат 11:00дө каралат. Жыйын жабык форматта өтөт.