Оштун борбордук аянтында тынчтык митинги башталды. Митингге чогулгандардын саны 2 500дөн ашты
Оштун борбордук аянтында тынчтык митинги башталды. Митингге чогулгандардын саны 2 500дөн ашты. Аларга 68 атчан келип кошулган. Бүгүн Ошто мэр шайлоо өтүүдө. Депутаттар эки талапкердин бирөөнү тандоосу керек. “Улуттар биримдиги” партиясынын жана мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун колдоочулары тынчтык митингинде шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөшөт. Мэрликке мурдагы шаар башчы Мелис Мырзакматов менен Айтмамат Кадырбаев ат салышууда.