Биз социалдык тармакта

Deadline: Дональд Трамп рэпер Пи Диддиге ырайым кылышы мүмкүн

АКШнын президенти Дональд Трамп рэпер Шон Комбска (P. Diddy) ырайым кылуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу Deadline басылмасы кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, Комбска ырайым кылуу тууралуу Ак үй менен сүйлөшүүлөрдү рэпердин жактоочулары эмес, ага жакын адамдар жүргүзгөн. Алар бул маселени расмий жана жеке деңгээлде көтөрүшкөн.

29-июлда Комбс соттон 50 миллион доллардык күрөө менен эркиндикке чыгарууну сураган. Музыка магнаты адам сатууга байланышкан оор айыптардан акталган, бирок сойкулукка байланышкан кылмыштар боюнча айыптуу деп табылып, октябрда өкүм чыгары күтүлүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан