Ош шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында шаар мэрин шайлоо өтүүдө. Анда «Улуттар биримдиги» фракциясынын депутаттары өздөрүнүн ичинен шайлоо комиссиясына мүчө тандоо үчүн сыртка чыгып кетишти.
Депутаттар каттоодон өтүп, комиссия мүчөлөрү шайлоо үчүн бюллетендерди санап чыгышты.
Эске салсак, мэрликке мурдагы шаар башчы Мелис Мырзакматов менен Айтмамат Кадырбаев ат салышууда. Мырзакматовдун талапкерлигин “Улуттар биримдиги” жана Айтмамат Кадырбаев шаардык кеңештеги КСДП, “Ата Мекен”, “Республика”, “Замандаш” жана “Адилеттүү Кыргызстан” фракциялары түзгөн көпчүлүк коалиция тарабынан сунушталган.
Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Алардын ичинен 30 депутат катышса, шайлоо өттү деп эсептелет. 23 добуш алган талапкер мэр болот.