Ош шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында депутаттар каттоодон өтүп, комиссия мүчөлөрү шайлоо үчүн бюллетендерди санап чыгышты. Андан соң мэр шайлоодо добуш берүү башталды.
Эске салсак, мэрликке мурдагы шаар башчы Мелис Мырзакматов менен Айтмамат Кадырбаев ат салышууда. Мелис Мырзакматовдун талапкерлиги “Улуттар биримдиги”, ал эми Айтмамат Кадырбаев шаардык кеңештеги КСДП, “Ата Мекен”, “Республика”, “Замандаш” жана “Адилеттүү Кыргызстан” фракциялары түзгөн көпчүлүк коалиция тарабынан сунушталган.
Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Алардын ичинен 30 депутат катышса, шайлоо өттү деп эсептелет. 23 добуш алган талапкер мэр болот.