Биз социалдык тармакта

Йеменде мигранттарды ташыган кеме чөгүп, 20дан ашык адам каза болду

Йемендин түштүгүндөгү Абьян провинциясынын жээгинде Африкадан келген мигранттарды ташыган кайык чөгүп, 20дан ашуун адам набыт болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги йемендик өздүк булактарына таянуу менен жазды.

Маалым болгондой, кеме ишемби күнү саат 23:00 чамасында катуу шамалдан улам оодарылып кеткен.

"Жекшемби күнү эртең менен Шукра жана Зинджибар шаарларынын жээктеринен 20дан ашык адамдын сөөгү табылды. Ондогон мигранттар дайынсыз бойдон калууда", - деп айтылат анда.

Синьхуа агенттигинин маалыматына караганда, аман калган 12 адам ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан