Ош. Мэр шайлоодо көпчүлүк коалициянын депутаттарына нааразы пикирлер айтылып, чыр чыкты

Ош шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында мэр шайлоодо добуш берүү өтүүдө. Анда "Улуттар биримдиги" партиясынын өкүлдөрү көпчүлүк коалициянын депутаттарына нааразылык билдирип, комиссия мүчөлөрү менен уруша кетишти. Депутаттардын айтымында, добуш берилгенден кийин бюллетендерди урнага салууда комиссия мүчөлөрүнө кагаздын бети көрсөтүлүүдө.
Эске салсак, мэрликке мурдагы шаар башчы Мелис Мырзакматов менен Айтмамат Кадырбаев ат салышууда. Мырзакматовдун талапкерлиги “Улуттар биримдиги” жана Айтмамат Кадырбаев шаардык кеңештеги КСДП, “Ата Мекен”, “Республика”, “Замандаш” жана “Адилеттүү Кыргызстан” фракциялары түзгөн көпчүлүк коалиция тарабынан сунушталган.
Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Алардын ичинен 30 депутат катышса, шайлоо өттү деп эсептелет. 23 добуш алган талапкер мэр болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан