Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча “Ата Мекен” социалисттик партиясынын билдирүүсү

Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында 2014-жылдын 11-январында эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда куралдуу кагылыш болду. Ок атуучу курал пайдаланылды, эки тарапта тең жабыркагандар бар.

Бул окуяга байланыштуу, “Ата Мекен” социалисттик партиясы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коңшу мамлекет тарабынан эл аралык укук принциптерин жана нормаларын, ошондой эле эки тараптуу келишимдерди бузушун сынга алган билдирүүсүн колдойт. Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн бул кадамдарын элдин тынчтыгына бүлүк салуу (агрессия акты) катары баалап, Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарын бул маселе боюнча так жана ачык позицияны карманууга чакырабыз.

Тажикстандын мамлекеттик органдары жана жарандары Кыргызстандын эгемендүүлүгүн сыйлоого жана элдерибиздин ынак коңшулук мамилесине доо кетирбөөгө тийиш.

Бул окуя кошуна мамлекеттер менен мамлекеттик чек араларыбызды аныктоо маселеси артыкчылыктуу экендигин дагы бир ирет далилдеди. Кыргызстандын чек араларга жакын жайгашкан аймактардын калкы бул процесстин созулушунан, кырдаалдын аныксыздыгынан биринчи жылы эле жабыркап жаткан жери жок. Көйгөй өзгөчө түштүк аймактарда курч турат. Тилекке каршы, тийиштүү мамлекеттик органдар жана кызмат ээлегендер бул маселенин чечилишин камсыздаган эмес жана качан чек араларды аныктоо иши алдыга жыларын да түшүндүрүп бере алышпайт. Жыйынтыгында, алардын аракетсиздигинен жарандарыбыз азап тартып, мамлекеттер аралык мамилелерге доо кетип, элди жана мамлекетти коргогон аскерлерибиз жабыр тартып келет.

Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүн, анын ичинде чек ара кызматын реформалап, чек араларыбызда бекем даярдыкты жана ишенимдүү коргоону шарттоо үчүн армияны жетиштүү каржылоону камсыздоо зарыл.

Кыргызстандын тынчтык сүйөр саясатына шек келтирбестен, президент жана Жогорку Кеңешти куралдуу күчтөрдүн мамлекеттик чек араларды жана өлкөнүн бардык региондорунда республиканын жарандарынын укук жана кызыкчылыктарын коргоого даярдыгын жогорулатуу үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырабыз.

Эл аралык мамилелердин бардык катышуучулары мамлекеттин эгемендүүлүгүн качан өлкө өз кызыкчылыктарын коргоого даярдыгын далилдегенде гана чындап тааныйт.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан