Расмий түрдө тактала элек маалыматтар боюнча, Ош шаарынын мэрлигине карата шайлоодо Мелис Мырзакматов 19 добуш, Айтмамат Кадырбаев 25 добуш алганы белгилүү болду. Бул тууралуу социалдык тармактарда жазылды. Бир бюллетень жараксыз болуп калды.
Мырзакматовдун талапкерлиги “Улуттар биримдиги” жана Айтмамат Кадырбаев шаардык кеңештеги КСДП, “Ата Мекен”, “Республика”, “Замандаш” жана “Адилеттүү Кыргызстан” фракциялары түзгөн көпчүлүк коалиция тарабынан сунушталган.