Ош шаарында мэр шайлоо аяктады. Талапкерлер Мелис Мырзакматов 19, Айтмамат Кадырбаев 25 добуш алды. Учурда Мелис Мырзакматов борбордук аянтка топтолгон митингчилердин алдына чыкты. Аянтта 4000дей адам чогулду.
Мелис Мырзакматов "Шайлоо бүттү. Биз жеңилдик, бирок эл жеңилбейт" деп билдирди.