Дастан Бекешев: "Мен болжогондой эле Мелис Мырзакматов шайлоодон ыргып кетти"
"Мен болжогондой эле Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэрлигин шайлоодон учуп кетти",- деп Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн интернет баракчасына жарыялады. Бекешев саналуу мүнөттөрдөн кийин Кубанычбек Кулматов Бишкектин мэри деп жарыялана турганын билдирди. "Бишкекке Кулматовдун мэр болушу талашсыз",- дейт Бекешев.