Ош: Митингчилер "Мелис Мырзакматовду өзүбүз такка отургузуп коёбуз" деп кыйкырышууда

Ош шаарынын борбордук аянтындагы митингчилер "Мелис Мырзакматовду өзүбүз ичкериге алып кирип мэр кылып такка отургузабыз" деп кыйкырышууда. Эмоцияга алдырган тургундар топтолуп мэриянын имаратын көздөй агылды. Коопсуздукту милиция кызматкерлери камсыздап, мэриянын имаратын тосуп турушат. 

Эскерте кетсек, бүгүн, 15-январда Ош шаарына мэр шайлоо өтүп Айтмамат Кадырбаев шаар башчысы болуп шайланды. Ал шаардык кеңештеги 45 депутаттын 25инин добушун алды. Ал эми Мелис Мырзакматовго 19 депутат добушун берди. 1 бюллетень жараксыз деп табылды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан