АКШ президенти Дональд Трамп Индиядан келген товарларга 25 пайыздык кошумча бажы төлөмүн киргизүү боюнча жарлыкка кол койгондон кийин Индиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун бул чечимине катуу сын айтты.
Министрлик АКШнын чечимин "негизсиз" жана "акылга сыйбаган" кадам катары мүнөздөп, Нью-Дели өзүнүн улуттук кызыкчылыгына таянып иш алып барарын белгиледи.
"АКШ Индияга карата кошумча тарифтерди киргизүү чечимин кабыл алганы өкүнүчтүү. Анткени Индия жасаган аракеттерди башка бир катар өлкөлөр да өз улуттук кызыкчылыктарына ылайык жасап жатышат",- деп айтылат Индиянын ТИМинин билдирүүсүндө.
АКШ президентинин жарлыгына ылайык, индиялык товарларга 25 пайыздык кошумча бажы төлөмү 21 күндөн кийин күчүнө кирет. Бул чаралардын себеби катары Дональд Трамп Индиянын Орусиядан түз же кыйыр түрдө мунай сатып алып жатканын көрсөткөн.
Жарлыкта ошондой эле, эгерде Орусия же бул буйруктун таасири тийген башка өлкө "абалды жөнгө салууга олуттуу кадам жасаса", анда документке өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн экени белгиленген.
Мындан тышкары, Трамп Нью-Делиге карата Орусиядан алынган энергетикалык ресурстарды үчүнчү өлкөлөргө кайра сатуу үчүн да тарифтерди олуттуу көтөрө турганын эскертти.
Индия болсо АКШнын мындай дооматтарын негизсиз деп атап, орусиялык мунай сатып алуу улуттук муктаждыктарга жана энергетикалык коопсуздукка байланыштуу экенин баса белгиледи.