Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтына чогулган эл шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип чыкты. Митингчилер шаардык мэриянын имаратына кириүүгө аракет кылып, "Мелис Мырзакматовду такка отургузабыз" деген сөздөрдү айтып кыйкырышууда.
Ош шаарындагы мэр шайлоодо добуш берүү аяктады. Комиссия мүчөлөрү добуштарды санап чыкты. Мэрликке мурдагы шаар башчы Мелис Мырзакматов менен Айтмамат Кадырбаев ат салышкан. Жыйынтыгында 1 бюллетень жараксыз деп табылды. Мелис Мырзакматов 19 добуш, Айтмамат Кадырбаев 25 добушка ээ болду.
Мырзакматовдун талапкерлиги “Улуттар биримдиги” жана Айтмамат Кадырбаев шаардык кеңештеги КСДП, “Ата Мекен”, “Республика”, “Замандаш” жана “Адилеттүү Кыргызстан” фракциялары түзгөн көпчүлүк коалиция тарабынан сунушталган.