Учурда Бишкек шаарынын мэрине добуш берүү башталды. Аны шаардык кеңештин депутаттары шайлашууда.
Эске сала кетсек, Бишкек шаардык кеңешинде КСДП (21), “Республика” (11), “Ата Мекен” (7), “Замандаш-Современник” (6) жалпы 45 депутат бар. Шаар мэрлигине талапкер Кубанычбек Кулматов кеминде 23 добуш алыш керек.