Ош: Митингчилер "Мелисти мэр кылмайынча кетпейбиз" дешүүдө

Ош шаарындагы митингчилер "Мелис Мырзакматовду мэр кылмайынча таркабайбыз" дешүүдө. Муну аймактык кабарчыбыз Уулбү Каныбекова билдирди. Учурда аксакалдар тобу депутаттар менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн ичкериге киргени жатышат. 

Эскерте кетсек, бүгүн, 15-январда Ош шаарына мэр шайлоо өтүп Айтмамат Кадырбаев шаар башчысы болуп шайланды. Ал шаардык кеңештеги 45 депутаттын 25инин добушун алды. Ал эми Мелис Мырзакматовго 19 депутат добушун берди. 1 бюллетень жараксыз деп табылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан