Ош шаарындагы митингчилердин алдына экс-акыйкатчы Турсунбек Акун чыгып сөз сүйлөдү. Ал бийликтин аракетин сынга алды.
"Мен Ошко Мелисти колдоо үчүн келген жокмун, бирок чындыкты айтууга милдеттүүмүн. Бийлик КТР аркылуу Мырзакматовду болушунча каралаганы чындык. Адахан Мадумаров аркылуу Мелисти жамандатты, мунун аягы жакшылыкка алып барбайт. Бийлик мыйзамды бузса да, силер бузбагыла. Тынчтык жолу менен жеңишке жетишесиңер",- деди Акун.
Эскерте кетсек, бүгүн, 15-январда Ош
шаарына мэр шайлоо өтүп Айтмамат Кадырбаев шаар башчысы болуп шайланды. Ал
шаардык кеңештеги 45 депутаттын 25инин добушун алды. Ал эми Мелис Мырзакматовго
19 депутат добушун берди. 1 бюллетень жараксыз деп табылды.