Ош. Митингчилер шаардык кеңештин депутаттарын таркатуу боюнча резолюцияны айтышууда
Ош шаарынын борбордук аянтында Мелис Мырзакматовдун тарапташтары митинг өткөрүшүүдө. Митингчилер: "45 депутат 450 миңден ашуун адамдын тагдырын чечпейт. Эл үчүн эч жакка кетпей туруп беребиз. Мелис мыйзамдуу түрдө шайлоого барарын айткан. Аны каралоого аракет кылгандардын ою ишке ашпайт. Биз мыйзамды сыйлап күттүк. Бирок биз ойлогондой болгон жок. Депутаттар, бул жакка чыккыла!"- деп кыйкырышууда.