Бүгүн, 15-январда Ош шаардык кеңеште өтүп жаткан Ош шаарынын мэрин шайлоо учурунда
"КСДП, "Ата Мекен", "Республика", Замандаш" фракцияларынын 23 депутаты окшош кара көйнөк кийип чыгышты. Көрсө, ал көйнөктүн жакаларына кожоюндары видеокамера тагып коюшуптур. Ал эми "Улуттар биримдигинин" депутаттары ачык түстө кийинип жүрүштү. Бул атайын даярдануу болсо керек" деген сөздөр айтылды.
Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин депутаты Данияр Атабаевге кайрылганыбызда, "Шайлоого ар ким өзү каалагандай кийинип келди. "Улуттар биримдиги" партиясынын айрым депутаттары спорттук кийим менен эле жүрүшпөйбү. Ошол маданиятка жатабы?" деген оюн билдирди.