"Мен багытымдан кайтпайм, бийлик мени эч качан тоту куш кылып сайрата албайт",- деп билдирди митингчилердин алдына чыккан Мелис Мырзакматов. Ал бийликтин ыплас оюндары жүрүп жатканын айтты.
"Чагымчылдыкка алдырбагыла, Ташиев менен Келдибековдун кейпин кийип калбайын. Бирок мен камалып кетүүдөн коркпойм. Эр жигит баарына даяр болушу керек. Мен силердин араңарда калам. Уулуңар катары мени уккула, тынчтыкты сактагыла",- деди Мырзакматов.
Эскерте кетсек, бүгүн, 15-январда Ош
шаарына мэр шайлоо өтүп, Айтмамат Кадырбаев шаар башчысы болуп шайланды. Ал
шаардык кеңештеги 45 депутаттын 25инин добушун алды. Ал эми Мелис Мырзакматовго
19 депутат добушун берди. 1 бюллетень жараксыз деп табылды.