Биз социалдык тармакта

Нарындагы кулаган көпүрө: Айдоочуну издөөгө 200гө жакын адам тартылды

Бүгүн, 15-августта жүк ташуучу унаасы менен Нарын дарыясына түшүп кетип дайынсыз болуп жаткан айдоочуну издөөгө 198 адам тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары жетектеген 47 куткаруучу 4 дрону менен, Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан ыкчам топ 1 дрону менен, Ак-Талаа райондук №47 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 6 куткаруучу, ИИМден 43 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 64 болуп, жалпы 198 адам издеп жатат.
Эске салсак, 13-августта Эки-Нарын айлынын Нарын шаары жана башка аймактар менен байланыштырып турган көпүрө кулаган. SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө аталган айылдын тургундары Нарын дарыясынан алып өтчү көпүрө кулаганын билдиришкен.
Жергиликтүү тургундар көпүрөгө көп жыл болгонун, эскилиги жетип авариялык абалда турганын айтышып, көпүрө мектептин курулушуна арматура жеткизүүгө бара жаткан жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда кулаганын белгилешкен.
Алар убагында тургундардын кайрылуусуна карабай жергиликтүү бийлик тарабынан көпүрөнү оңдоо иштери жүргүзүлбөй келгенин айтышкан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан