"Мейли, бүгүнкү шайлоодо утуп чыккандар жеңишин жууп, майрамдап, шампан ичип турушсун. Бирок эртеңки, кийинки жеңиш сөзсүз биздики болот. Булар бүгүн өз максаттарына жетишти, бирок бул жеңиши көпкө узабайт. Анткени эл буларга нааразы",- деп билдирди митингчилердин алдында Мелис Мырзакматов.
Ал чогулган элге ыраазычылык айтты. "Мен силерге ыраазымын. 15 күндөн кийин чилде чыгат. Мэрия жакка баспагыла, ичинде эч ким жок, баары арткы эшиктен чыгып кетишти. Мени подставить этпегиле. Алар ошону эле күтүп отурушат. Ташиевге окшотуп каматып ийбегиле. Сабырдуулукка чакырам. Атчан инилерим, бүркүттөрүм менин, 150 чакырым алыстан келишти, караңгы киргенге чейин кайткыла. Бутуңарга сыз өтүп жатат, мени да уккула. Мени элдик мэр кылып шайладыңар. Жазда жаңы толкун менен келели, баары жай-жайына коюлат. Бул бийлик кан менен келген, канга көнүп калган. Бүгүнкү жеңилүү буюрса чоң жеңиштин башаты болот",- деди Мырзакматов.
Эскерте кетсек, бүгүн, 15-январда Ош шаарына мэр шайлоо өтүп Айтмамат Кадырбаев шаар башчысы болуп шайланды. Ал шаардык кеңештеги 45 депутаттын 25инин добушун алды. Ал эми Мелис Мырзакматовго 19 депутат добушун берди. 1 бюллетень жараксыз деп табылды.